​Окуу китеп чыгаруудагы дагы бир коррупция аныкталды

  • 5 лет мурун

Билим берүү жана илим министрлигиндеги окуу китептерин чыгарууну Баш прокуратура текшерип, андагы кылмыш фактыларын аныктады.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

2017-жылдын 1-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги “Англис тили. 5-класс” китебин республикалык бюджеттин эсебинен чыгарууга конкурс жарыялаган.

Ошол эле кезде Дүйнөлүк банктын долбоору менен 5-класстын окуу китептерине 2 млн 735 миң 772 АКШ доллары бөлүнүп, окуу китептери кредиттик жана гранттык каражаттын эсебинен чыгарылмак.

Мындан тышкары учурдагы бааларды карабай, китептин баасы жогорулатылып коюлган жана китептин авторлоруна да калем акы ошол баага киргизилген.

Ал эми мурда 3,4,5, 6-класстарынын англис тилин китебин чыгарууга авторлорго 103 мин 514 АКШ доллары төлөнүп берилген. Алар автордук укугун Билим берүү жана илим министрлигине берген.

Конкурстук арызга “П” ЖЧКсы жана “У” ААКына автордук калем акы киргизилген.

Бирок авторлорго калем акы дээрлик берилген эмес.

Бюджеттик каражаттан 1 884 000 сом фирмаларга төлөнүп берилген.

Натыйжада бюджетке жалпысынан 13 174 200 сом зыян келтирилген. Ал эми китеп чыгаруучулардан китепти убагында жер-жерлерге жеткирбегени үчүн 427 942 сом төлөтүлүп алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320 беренеси, (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 234-берене (тендердин шартын бузуу) боюнча айып коюлууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты