Врачка милдетин так аткарбаганы жана сый акы алганы боюнча айып тагылууда

  • 5 лет мурун

Ош прокуратурасы Ош шаардык ооруканасында оорулуунун каза болгондугу боюнча текшерүү жүргүзүп, врачка милдетин талаптагыдай аткарбаганы, сый акы алганы боюнча айып койду.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда аныкталгандай, 2018-жылдын 29-ноябында 1954-жылы туулган М.А. профессор М.Ж. га урук безинин дарты боюнча кайрылган.

Профессор аденома дартын операция жасатууну сунуштаган. Бирок операция жасалгандан жети күндөн кийин сыркоолуу каза болуп калган.

Буга прокуратура врачтын өз ишине кайдыгер карагандыгы себеп болгон деп тапкан.

Операция алдында оорулуунун жубайынан баш-аягы 17 миң сом сый акы алынган. Абалы оор болуп калганда 10 миң сомду врач кайтарып берген.

Ош шаарынын прокуратурасы бул фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кылмыш-жаза кодексинин152-беренеси (кесиптик милдетин так аткарбагандык) жана 238-берене (сый акы алуу) боюнча айып такты.

Кылмыш иши териштирилип жатат. .
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты