Кыргызстандын тышкы карызы азайдыбы? Инфографика

Негизинен Кыргызстандын 23 өлкө жана эл аралык уюм алдында бересеси бар. Алардын ичинен эң ири каражатты Кытай Эксимбанкы, Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду берген.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча мамлекеттик карыз ички жана тышкы карыздан турат. Тышкы карыз 3 миллиард 825 миллион доллар болсо, ички карыз 638 миллион долларды түзгөн.

2017-жылга салыштырмалуу мамлекеттик карыз бир аз азайган. 2017-жылы 31-мартка алынган маалымат боюнча мамлекеттик карыз 4 миллиард 530 миллион доллар болчу. Бир жылдан кийин ал 66 миллион долларга азайган.

Кыргызстандын тышкы карызы инфографикада:


Эки тараптуу жеңилдетилбеген насыялар:
Дания-2,92 млн доллар;
Германия-5,79 млн доллар.

Көп тараптуу жеңилдетилбеген насыялар:
Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы-51,80 млн доллар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты