4-5 улан жолдошун тамаша үчүн уурдаганбы?

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ киши уурдаган уландарды кармады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБ кабарлады.

1-апрелде болжол менен саат 22: 30 да милицияга Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинде 3-4 улан күчтөп бир кишини машинага салып жатканын кабарлаган.

Ал факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “киши уурдоо” беренеси менен катталган.

Ыкчам иштердин натыйжасында 2001-2002-жылдары туулган 1) Т.Н., 2) С.У.,3)М.А.,4) Т.Т.,5) С.С., кармалган.

Кармалгандардын айтуусу боюнча алар тамашалап, жолдошун элдин көзүнчө күчтөп уурдап кетүүнү пландашканы маалым болду.

Бул иш иликтенип жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты