​ЖЭБ боюнча сот 10-апрелге жылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-апрелде, ЖЭБ боюнча сот отуруму ачылып, бирок Айбек Калиевдин жактоочулары келбей калгандыгына байланыштуу 10-апрелге жылды.

Жыйынга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизип, бирок тиешелүү ходатайствосу жок деп залдан чыгарылды.

Сот отурумуна айыпталып жаткандардын туугандары да киргиилген жок.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул мыйзам бузуу болуп саналарын билдирди.

“Бул ЖЭБ модернизациясын тергөөдө кандай мыйзам бузулганын мүмкүн болушунча аз адамдар угуп калсын деп атайын жасалууда. Айыпталуучулардын жактоочулары мурда бир канча жолу бул иш чампаланып жатканын айтып келишкен. Журналисттер менен айыпталуучулардын туугандарын киргизбегени мыйзам бузууга жатат” деди Жолдубаева.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча сот Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталып, ал жабык өткөн.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ж.б. бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты