​Ак-Сай-Тамдык жолу курулууда

  • 5 лет мурун

Абылгазиев Баткен облусунун чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты.

Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай – Рават унаа жолунун абалын текшерип жана Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы узундугу 25 км Ак-Сай – Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталган. Бүгүнкү күнү 18 км жол курулду.

Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушу уланууда.

Азыркы тапта 24,5 км жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү. Бул унаа жолдун курулушу Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Баткен районунун чектеш аймактарында тоскоолдуксуз унаа каттамдарын камсыз кылууну шарттайт.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты