​Бүгүн—салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Бул тууралу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Декларация тапшыра электерге Салык кызматы декларацияны тапшыра элек салык төлөөчүлөрдү бүгүн түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат.

Эске салсак, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номуру аркылуу Маалымат борборунан жеwww.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты