​»Ак-Тилек» бекети: 158 жүк ташуучу унаа өттү

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик чек ара кызматы «Ак-тилек» бекетинен соңку он саатта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын «Ак-Тилек» бекетинде 223 жүк ташуучу унаа турганы катталганын билдирди.

31-мартта кечки саат 8 ден 1-апрель эртең мененки саат 8:00гө чейин аталган чек ара бекетинен 158 жүк ташуучу унаа өттү.Алардын ичинен 84 автоунаа жүк ташып бараткан, 74 унаа бош болгон.

«Чоң-Капка» автоунаа бекетинде 60-70 жеңил унаа менен 25-30 чамалуу жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турушат.

Кыргыз-казак чек ара бекеттериндеги унаалардын топтолуусуна Казакстан тараптан кылдат текшерүү себеп болуп жатат деп маалымдайт Кыргызстандын чек ара кызматы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

«Ак-Тилек — Автожол» бекети чоң жүк ташуучу транспорттор өтүүгө ылайыкталган жана аларды текшерүүчү рентген аппараттары менен тараза коюлган жалгыз гана пост.

Эки өлкөнүн башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты