​Күн коллекторлору экологияны сактайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын «Орто-Сай» жана «Ротор» отканаларындагы күн коллекторлорунун иши менен 30-мартта таанышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык колдоо кызматы кабарлады.

Борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана атмосферага тараган булгоочу заттардын бөлүнүшүн азайтуу максатында күн коллекторлорун орнотуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Отканаларда орнотулган жалпак коллекторлор, конструкциялык жактан максималдуу жөнөкөй жана бекем, анын эксплуатациясынын мөөнөтү 25 жылга чейин жетет.

Жалпак коллектордун иштөө принциби парник эффектисине негизделет. Абсорбердин үстүнкү бети күндүн энергиясын өзүнө жутуп алып, атайын жабдуунун натыйжасында, абсорбердин өзүнө алуу коэффициенти 95% чейин жетет.

Анын негизинде жылуулукту өзүнө алуучу пластина ысып чогулган энергияны 90% чейин сактап, аны инфра-кызыл шоола түрүндө чыгарат. Ушундай жол менен коллектордун өзүндө күн энергиясын аккумуляциялоо ишке ашат. Андан кийин конструктивдик деталдардын жардамы менен жылуулук алып жүрүүчүгө берилет.

«Бишкек жылуулук энерго» директору Алимбек Абдылдаев билдиргендей, суу жылытуу үчүн күн энергиясын колдонуунун негизги артыкчылыгы, жаратылыш газы, көмүр сыяктуу башка отундун түрлөрүнөн айырмасы кайра жаңылануусу, туруктуу, жеткиликтүү, экологиялык таза, үнсүз, үнөмдүүлүгү жана эксплуатациялык чыгымы төмөндүгүндө болуп саналат.

«Бишкек жылуулук энерго» 8 метр бийиктиктеги атайын курулган металл конструкцияга 0,11 га аянтка 364 панель гелио коллекторлору жана буга чейин көмүр менен иштеген «Орто-Сай» отканасында 120 коллектор орнотулуп бекитилди.

«Орто-Сай отканасы боюнча атмосфераны булгоочу заттар 0,1 тоннага азайтылды, жаратылыш газынын чыгымы 10 миң м3 азайып, 68 Гкал өндүрүлдү. Керектөөчүлөрдүн саны 908 киши. Бул – 16 көп батирлүү үйдүн жашоочулары жана 1 бала бакча.

Учурда 63 көп батирлүү үй, 2 жатакана, мектеп, оорукананын (7425 адамдан турган) ысык сууну керектөөчүлөрүнө «Ротор» отканасында кубаттуулугу 0,6 МВт күн гелио коллекторлорун орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Натыйжада атмосфераны булгоочу заттарды азайтуу жылына 236,8 тоннага, анын ичинен катуу бөлүкчөлөр жылына 29,4 тоннага, парник газдары жылына 150,5 тоннага болжолдонууда.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык колдоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты