Россияга мигрант болуп барып, “Мосфильмде” тартылган Уландын баяны

Улан Эсеналиев окуусун аяктагандан кийин Москвага иштегени кеткен. Кесиби боюнча актер болсо да, ал жакта ашпозчу, күзөтчү болуп иштеген Улан “Мосфильмдин” кинолоруна кантип тартыла баштаганын айтып берди.

—Улан, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Россияга кетүүгө эмне себеп болду?

—Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында төрөлүп, өскөм. 11-классты аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окудум.

Андан кийин Чүй облустук театрында иштедим. Ошондой эле “Курманжан Датка” фильминде пьеса коюучу болуп иштедим. Жашоо оор болуп, Кыргызстанда жашоо өтпөй калды, театрда айлык акы аз болгондуктан Россияга иштеп кетүүгө туура келди.

Менин туугандарым көп жылдардан бери Москвада жашайт. Ошолор чакырып, иштеп калдым. Кеткениме быйыл беш жыл болду. Алгачкы убакта ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Андан кийин флористтин жардамчысы, күзөтчү болуп иштедим.

Россияга мигрант болуп барып, “Мосфильмде” тартылган Уландын баяны

—Актер болуу бала кезиңиздеги кыялыңыз беле?

—Ооба, кичинекей чагымда актер болууну кыялданчумун. Жим Керринин “Маска” деген киносу бар го, ошол киносун көргөндөн кийин, эргүү алып, ошондой актер болсом деп кыялдана баштадым.

Анан институтка тапшырып, актер болуп калгандан кийин, куу, терс каарманды ойногум келе баштады. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштагы снайпердин ролун аябай аткаргым келет.

—Кантип «Мосфильмде» киного тартылып калдыңыз?

— Мен күзөтчү болуп иштеп жүргөндө “Биринчи каналда” редактор болуп иштеген Александра Воснессова деген эженин үйүнө жардамдашып барып таанышып калгам. Александра Воснессова аркылуу Раушана Куркова, “Гаишники” тасмасында тартылган актер Владимир Гусев ж.б актерлор менен таанышып калдым.

Анан ошол кишилер менен чогуу киного тартылдым. Тартуу процесси аябай профессионалдуу деңгээлде өтөт экен. Кичинекей эле бир эпизодду тартуу үчүн чоң бир кербен келет экен. «Курманжан Датканыкына» салыштырмалуу асман менен жердей да.

Россияга мигрант болуп барып, “Мосфильмде” тартылган Уландын баяны

Тартуу процессинде адамдар бири-бирине аябай жакшы мамиле кылышат экен. Мисалы, эшикти бирөө катуу жапса дагы, акырын барып, “Эшикти эмнеге мындай катуу жаап жатасыз? Тартуу иштери жүрүп жатпайбы” деп сылык гана айтып коет экен.

Менин ролум көчө тазалагандардын башчысы болчу. Кинонун режиссеру сурап калды, “Бул жактын көчө шыпырган жумушчулар кандай экенин сен көрүп жүрөсүң да” дегенинен мен баарын айтып бергем. Анан ал өзүң ойноп бересиң. Жакшы ойноп бер” деп суранды. Ойногонум өзүмө жаккан жок, албетте.

Гонорары аябай жакшы. Гонорарымдын үстүнө дагы бир аз акча кошуп, атама унаа алып бердим.

—Жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

—Ата-энем аябай жакшы кабыл алды. Күтүп жүрүп, кинону көрүштү. “Башкы ролду ойносоң болмок” деген ойлорун айтышты.

Баарынан дагы жубайым, кызым аябай кубанды. Группалаштарым дагы жакшы пикирлерин айтышты. Алар дагы учурда кесиби боюнча иштешет.

Жакында Кыргызстандан үй алайын деп жатам. Үй алгандан кийин досторум менен чогуу бизнес кылсамбы деген ниетим бар. Анан дагы бул жакка дагы киного тартылууга чакырабыз дешкен. Чакырып калса, тартылууга даярмын.

Маектешкен Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты