​Россияда «фейк» маалымат тараткандарды жазалоо мыйзамы күчүнө кирди

  • 5 лет мурун

29-мартта Россияда бийликке, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерге жана «фейк» маалыматтарды тараткандарга жазаны күчөтүү боюнча эки мыйзам күчүнө кирди.

Биринчи мыйзамда адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жараткан, коомдук тартипти же коомдук коопсуздукту бузууга багытталган, такталбаган жаңылыктарды таратууга тыюу салынат.

Ага ылайык, «фейк маалымат таратты» деп эсептелгендер 100 миң рубль, кызмат адамдары 200 миң, юридикалык тараптар жарым миллион рублга чейин айыпка жыгылат.

Мыйзам бузуу кайталанды деп саналган учурда юридикалык тараптар 1,5 миллион рублга жакын айып төлөйт.

Экинчи документтин негизинде «бийликке акарат келтирди, мамлекеттик символдорду шылдыңдады деп табылгандар» 100 миң рублга чейин айыппулга жыгылып же 15 күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынышы мүмкүн.

Кайра мыйзам бузган учурда айыппул 200 миң рублга жетиши ыктымал.

Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас, депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин иштеп чыккан документтер топтомун парламент 7-мартта кабыл алган.

Укук коргоо уюмдары менен катар Россия президентине караштуу Адам укугу боюнча кеңеш цензура пайда болот деп эсептешип, мыйзам долбоорун четке кагууга үндөшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты