​Фарид Ниязов өзүнө козголгон кылмыш иши саясий буюртма экенин билдирди

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат менен кайрылып, ага козголгон кылмыш иши саясий буюртма экенин билдирди.

“Биздеги маалыматтар боюнча, ИИМ демилгеси менен Максат Чегирткеев аттуу жаран ИИМге алып келинип, Фарид Ниязов анын 2010-жылы апрель айында жабыркагандарды социалдык жактан колдоого багытталган, болжолдуу суммасы 200 миң сомун тартып алган деп арыз жазууну сунуш кылышкан”дейт Фарид Ниязов.

Андан ары Ниязов Максат Чегирткеев өзүнүн тааныштарына интернет сайтка айткан маалыматы боюнча милиция аны өздөрү издеп барганын айтып жүргөнү айтылат.

“Мурда милиция кызматкерлери укук коргоочунун ролун аткарып, дароо Интернетте айтылгандардан кийин жабырлануучуну издеп калганын эч убакта уккан эмесмин. Бул жогортон келген буюртма. Муну саясий заказ деп, ИИМди аны аткарууга мажбурлап жатышат деп айтууга негиз бар” дейт Ниязов.

Аталган акча Финансы министрлигинин эсебине (бюджетке) котортулуп, Чегирткеевди үй-бүлөсү менен Сочиге жибербей койгонуна такалганын, Комиссия мүчөлөрү жабырлануучуга реабилитация курсун Кыргызстандагы санаторийлерде өтүүнү сунуш кылышкандыгын билдирет.

Мамлекеттик комиссия Саламаттык сактоо министрлигине акча которуп, Чегирткеевдин Кытайдагы операциясына мурда 4 млн сом төлөгөнү, андан кийин Максат бутуна турганы айтылат. Мамлекеттик комиссия дарылоо курсун Кыргызстанда жүргүзүүгө мүмкүн болбосо гана акча бөлүп берүүгө акылуу болгону белгиленет.

Экинчиден, интернет-сайтта интервью да кокусунан чыга калган эмес дейт прездиенттик аппарамтын мурдагы башчысы .

Максат Чегирткеев Алмазбек Атамбаевге активдүү каршы чыгып жаткан Эмилбек Каптагаевдтн өкүл баласы экени айтылат.

Ниязов ачык катында министр Кашкар Жунушалиевди милицияны саясий заказды аткарууга түртпөөгө кеңеш берет.

Айта кетсек, Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону айтылып, аны Баш прокуратура тастыктаган. Анда Ниязовдун Мамлекеттик комиссияга мүчө болуп, Апрель окуяларына жабыркаган Максат Чегирткеевдин Сочиден дарылануусуна деп бөлүнгөн 200 миң сомду жабырлануучунун дарылануусуна жумшабай, кайтарып алганы айтылган.

Ошондой эле ачык катта Максат Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы деп айтканы чындыкка жатпаганын Каптагаев билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты