​Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгонун Баш прокуратура тастыктады

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Кыргызстан социал- демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгонун Баш прокуратура тастыктады.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеме өкүлү арызды Максат Чегирткеев аттуу жаран жазганын, факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин билдирди. Кылмыш ишнини беренеси так айтылган жок.

Буга чейин өздүк булактарыбыз Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгонун билдирген.

Алардын айтымында, «2019-жылы 20-мартта ИИМдин Тергөө кызматына М. Ч. аттуу жаран 2010-жылдын 6-7 –апрелинде каза тапкан жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасын кылмыш жоопкерчлигине тартуу боюнча кайрылган.

Фарид Ниязов жана башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан пайдаланып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышкан.

Бул арыз ИИМде 2019-жылдын 20-мартында катталган жана материалдар Баш прокуратурага жиберилген.

2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура М.Ч. нын арызын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин320-беренесинин 4-бөлүгү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда.

2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп бергендигин» өздүк булактарыбыз билдирген.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону тууралуу расмий билдирүү келген эместигин белгиледи. Жакын арада Фарид Ниязов бул боюнча билдирүү жасаарын Жолдубаева айта кетти.

КСДП расмий өкүлү арыз жазууга Апрель окуясынын катышуучусун мажбурлашканын айтса, социалдык тармактарда Максат Чегирткеев аттуу адамдын арыз каты жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты