​Гүлзат Мамытбектин апасы: “Кызымдын толгоосу башталганда “Төрөбөйм” деп 12 күн жатты”

Гүлзат Мамытбек “Кыргызым,турагой” деп өзүн “Дүйнөнүн дем берүүчүсү” деп атап келет. Өзгөчө мурдагы жолдошу менен болгон акыркы чырынан кийин ага карата сын-пикирлер айтылып, аны «Адекваттуу эмес” деген ойлор айтылып келет. Кызын энесинен жакшы эч ким билбесе керек.

Ошондон улам Гүлзат Мамытбек менен болгон окуялардын чын-калпын билүү үчүн апасы Кенжегүл Качкынбаева менен сүйлөштүк.

—Кызыңыз коомчулуктун талкуусунда болуп келет. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

—Кайнаган вулканды мен токтото аламбы? Кудай жаратканда эле ар бир кишиге кыял- жорук берет экен да. Гүлзаттын бала кезинде эле өзгөчөлүктөрү сезилчү.

Жоро-жолдоштор, кошуналар, туугандар “бул укмуш, өзгөчө бала” дешкенде, атасы “Тыйып кой, көз тиет. Кызым касиеттүү, эч кимге көрсөтпө” деп көп айтчу. Бирөөгө жардам керек болсо же достору бир нерсеге муктаж болсо эч нерсеге карабай, жасап, жардам берип койчу.

—Мурдагы жолдошу менен болгон акыркы чырда, “ Учурунда ажырашайын десем үйдөгүлөр колдобой койгон” деп айтты эле. Эмне себептен ажырашуусуна каршы болдунуздар эле?

—Эне деген “Ажырашпа” деп айтат да. Биз деле үй-бүлөсүнүн урашын каалаган жокпуз. Зөөкүр жолдошу катуу кордоду. Ал жөнүндө жашыра албай калдык.

“Эмне үчүн менин айдай кызымды жети жылдан бери зөөкүргө кошулуп “Чыда” дейсиң? Менин кызымдын буту турган жерге башы турган неме ал” деп атасы мени уруша турган болуп калды.

Акыркы жолу туугандар да “Ошону менен чырактай өмүрү өтүп кетпесинчи” деп, акыры ажырашышты.

​Гүлзат Мамытбектин апасы: “Кызымдын толгоосу башталганда “Төрөбөйм” деп 12 күн жатты”

—Коомдо “Ошол учурда эч кимден колдоо таппай, саентологдорго кошулуп кеткен” деген пикирлер айтылып жатат. Ал боюнча кандай ойлойсуз? Негизи саентологияга көз карашыңыз кандай?

—Зөөкүр зөөкүрлүгүн күчөттү. Боюнда бар кезинде катуу уруп, экинчи кабаттан тоголото тээп түшүрөт. Ошондо жоон ичегиси чыгып келди. Толгоосу башталганда сооротуучу дары ичип, “Төрөбөйм деп” үйдө 12 күн жатты.

“Ушул акмактын баласын төрөбөйм” деп ыйлап жатып алды. Геморройу чыгып, жумурткандай болуп келди. “Кой балам, бул сенин дагы балаң. Бала сага керек” деп атып анан «кесарева» ыкмасы менен төрөдү. Төрөгөндөн кийин жолдошу алып кеткен. “Макул, ушуну менен жакшы болуп кетишээр” десем, кайра баланын кыркы чыкпай жатып келди.

Гүлзат намаз окучу. Күйөөсү оңолобу деп дааваттарга чыкты. Ошондо саентологияны окуду.

Мен дагы ар нерсени угуп, Иерусалимде окуган молдодон кеңеш сурап көрдүм. Ошол бала “Ал— илим, эже. Илимди окуба дебейбиз. Жашоого жакшылык берген нерсе эч нерсе болбойт. Ар кимдин ыйманы ысык болушу кудайдан” деди.

Саентология деген кыргызга кырк жыл мурун эле келген экен. Аны окугандар “Малайзия, Сингапур мамлекеттери ошол нукка түшүп өнүгүп кетишти” дешти. Ишине берилип жасаганды үйрөтөт экен. Мисалы, мусулман болсоң, мусулманчылыкты берилип карма дейт экен.

—Учурда мамилеңиздер кандай? Башка уул-кыздарыңыз барбы?

—Кызым менен мамилем жакшы. Башка уул-кыздарым бар. Алар да Гүлзатты түшүнүп, колдоп келишет. Азыр балдары, бир туугандары, баарыбыз биригип, аны колдоп жатабыз.

—Мурдагы жолдошу “Беш айлык кызын таштап кетип калган, карыздары толтура” деп айтты эле…

— Америкага кеткенде балдарын ошол үйүндө мен багып калгам. Үч баласы менен калгам. Мурдагы жолдошу үйдүн светин өчүрүп кетип калды. Ошону менен суу, жылуулук— баары өчүп калды.

Анан балдарды алып өзүмдүн үйүмө кеткем. Ошондон бери балдарды жолдошум каза болгонго чейин мен багып калгам.

Күйөөсү “Мен багып калгам” деп жатпайбы. Анын такыр уяты жок экен. Карыздар дегенде, өзүнүкүн айтып жатат го. Анын карыздарын, улуу балдарынын алиментин Гүлзат төлөгөнгө көнүп калган да.

Негизи, бизде “Жараш, чыда” дей беришет. Андай күйөөгө кабылган аялдарга жардам керек да. Менин кызыма дагы жардам керек болду.

—Жакында Гүлзат турмушка чыкпадыбы. Учурдагы жолдошу менен кандай мамиледесиз? Кандай бала экен?

—Мен аны билбейм. Ошондуктан кандай экенин айта албайм.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты