​Россия чет өлкөдөгү мекендештерине жарандык алуу тартибин жеңилдетти

  • 5 лет мурун

Россияда чет жакта жашаган мекендештерине жарандык алууну жеңилдетүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол коюлгандан бери 90 күн өттү. Бул тууралуу “РБК” басылмасы жазды.

Кабыл алынган мыйзамга толуктоолордон улам, чет өлкөлөрдө коомдук-саясий, экономикалык оор шартта жашагандарга, куралдуу жаңжал, бийлик алмашуу ж.б. шарттарында россиялык жарандыкты алуу жеңилдетилет.

Ага ылайык, жашап турууга уруксаты жана Россияда үзгүлтүксүз беш жыл жашоонун зарылдыгы болбой калды.

Айрым учурда Россияда жашоонун кереги жок же бир жылдан үч жылга чейин жашашы керек болот.

Документтерди кароого алты ай керектелет. Ал эми Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары үчүн үч айга чейинки мөөнөт талап кылынат.

Эгер россиялык жарандыкты алууга арыз берген кишинин өтүнүчү канааттандырылбаса, ал кайрадан кайрылууга укугу бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты