​Якутияда мигранттардын иштөөсүнө чектөө киргизилди

  • 5 лет мурун

Якутия мамлекет башчысы Айсен Николаев ишкерлерге айрым жумуштарга мигранттарды тартууга тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандар укук, бухгалтердик учет, архитектура, илимий-техникалык ж.б. тармактарда иштей албайт.

Мигранттарды тамак-аш өнөр жайы, кийим чыгаруу, такси кызматтарына, жүк ташуучу унааларда, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында ишке алууга тыюу салынды.

Айта кетсек, 17-мартта Борбор Азия мигранттары жергиликтүү аялды зордуктап койгону маалым болгон. Кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын эмгек мигранттары болгон. Ошондон улам шаардын тургундары митингге чыгышкан.

Митингден кийин Якутия башчысы мигранттардын ишмердигин чектөө боюнча чаралар көрүлө турганы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты