Иран жана Ооганстандагы суу ташкындан 60 чакты киши каза болду

  • 5 лет мурун

Нөшөрлөгөн жаан жана селден улам Иранда 34 киши каза болуп, 125 киши жаракат алды, дайынсыз жоголгондор да бар. Ага коңшулаш Ооганстанда жаратылыш кырсыгынан 25 адам мерт болду.

Иран басылмалары Өзгөчө кырдаалдар борборунун башчысы Пир-Хусейн Коливандга шилтеме берүү менен өткөн аптада катуу нөшөрдөн улам өлкөнүн түндүгүндөгү дарыялар жээктен чыгып, шаарды, айылдарды каптаганын билдирди.

Гүлестан провинциясында 56 киши, Мазандеранда 200дөн ашуун киши үй-жайсыз калды.

Ирандын энергетика министри Рез Радаканиандын айтымында, 17 шаар 635 айыл табият кырсыгына кабылды. ЖүздоКатуу жаандан улам Ооганстандын түштүк, батыш жана борбордук райондору дагы жабыр тартты. Табият кырсыгына 9 провинция туш болду. Суу ташкынынан Кандагарда эле 20 адам мерт болду. БУУ курман болгондордун арасында балдар бар экенин билдирүүдө. Он киши дайынсыз жоголду. Ооганстандын 7 провинциясы калың кар, кар көчкү жана жер көчкүдөн жабыркады.

Суу ташкындарынан улам 16 миңден ашуун үй жарактан чыкты.Жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери суунун алдында калды.

Имараттар жана көпүрөлөр талкаланды, жолдор дарыяга айланды, электр кубаты менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралууда.

Үйсүз калгандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулууда.

Катуу жаандан улам Ооганстандын түштүк, батыш жана борбордук райондору дагы жабыр тартты.

Табият кырсыгына 9 провинция туш болду. Суу ташкынынан Кандагарда эле 20 адам мерт болду. БУУ курман болгондордун арасында балдар бар экенин билдирүүдө. Он киши дайынсыз жоголду.

Ооганстандын 7 провинциясы калың кар, кар көчкү жана жер көчкүдөн жабыркады.

Суу ташкынынан 16 миңден ашуун үй жарактан чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты