​“Ар бир жолугушуу биздин мамилелерибизге түрткү берет”

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жээнбеков өткөн жылы Путин менен жолугушканын, ал эми быйыл экинчи ирет жолугуп жатышкандарын эске салды.

«Ар бир жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет. Биз өлкөбүздүн ЕАЭБ шарттарына ыңгайланышы боюнча Россиянын колдоосун жогору баалайбыз. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги аскерий-техникалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдей беребиз, Кыргызстанга кош келиңиздер», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россия Президенти Владимир Путин жакында болгон жолугушууну эске салды.

«Биз анда күндөлүк көйгөйлөр тууралуу сүйлөшкөнбүз, бүгүн биздин ортобуздагы диалогдун уланып жатканы жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз.Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Чакан курамдагы жолугушуудан соң, тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Чакан курамдагы жолугушуудан соң, тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты