​Мурат Суталиновдун аялы Путинге кайрылды

  • 5 лет мурун

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова фейсбук баракчасы аркылуу Кыргызстанда сапарда жүргөн Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылды.

Суталинова кайрылуусунда оор дартка чалдыккан офицердин кордолуп-табаланып абакта кармалышына мамилесин билдирип коюуну өтүндү.

“Аскердик боордоштук мыйзамы боюнча, офицердик абийир Мекенине ант берген жана аны ишке ашырган адамды кыйын күнгө калтырууга болбойт. Бул Кыргызстан болсо да, Россия болсо да, баарына бирдей. Биз качандыр бир кезде бир өлкөдө жашаганбыз, бүгүн деле анчалык бири-бирибизден айырмаланып кеткен жокпуз. Адамгерчиликти эч ким жоюп таштаган эмес.Оор дарттуу офицерди кордоп-табалоого жөн гана мамилеңизди билдирип коюңуз” деп айтылат кайрылууда.

Айта кетсек, УКМК мурдагы башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы бир канча жүздөгөн адамдын курмандыгына алып келген окуяда күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Суталинов абакта жатып, онкологиялык оор дартка туш болгон, ага операция жасалып, химиятерапия курсунан өткөн.

Ленин райондук соту Жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүнөн кийин аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу адвокаттардын арызын четке каккан.

Бишкек шаардык соту бул маселени кароону эки жолу кийинкиге калтырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты