​Россия элчилигинин алдына пикетке чыккан активистти милиция кармап кетти

  • 5 лет мурун

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаковду милиция кызматкерлери 27-мартта кармап кетти.

Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтуусунда 27-мартта активистти аялы менен кошо милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Активистти улуттар аралык кастыкты козуткан плакат кармап турган деп айыптаган.

Анын плакатында “Путин—агрессор”, “Бизге аскер базасынын кереги жок”, “Окуппант” ж.б. жазуулары бар болчу. Активист улуттар аралык кастыкты козуткан деп Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси менен айып коюлгандыгын Карасартова билдирди.

Кыйноолордун алдын-алуу Улуттук борборунун директору Нурлан Сулайманов милиция активистке ошол замат адвокат бербегенин, ал эми Кылмыш-процессуалдык кодекс ченемдери боюнча дароо адвокат берилиши керек экенин айтты.

Бүгүн Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Россиянын президенти Владимир Путин келген. Эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюла тургандыгы кабарланды. Анын ичинде Канттагы авиабазаны кеңейтүү боюнча келишимдер да бар экени айтылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты