Карылар үйүнүн короосунан жер алган капчыктуулар жана аткаминерлер

Иликтөөлөр

Бишкектин чок ортосундагы Абай көчөсү, 93 дарегинде Карылар үйү жайгашканы баарыбызга маалым. Бирок, ошол Карылар үйүнүн короосунун ичине көп кабаттуу үй салынып жатканы шек жаратпай койбойт. Социалдык объект турган бул короого кантип жеке менчик турак-жай курулуп жатканын иликтеп көргөнүбүздө аттуу-баштуу адамдардын кулагы көрүндү.

Көп кабаттуу үй курулуп жаткан жерди карасаң, ал Карылар үйү менен бир короо болуп тосулган. Кала берсе, карылар да ошол короодо басып жүрөт. 2012-жылга чейин бул үй салынып жаткан жерде Карылар үйүнүн кампасы да жайгашкан болчу.

Бишкек шаардык Курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Замира Кангелдиева бул жер тилкеси Карылар үйүнө тиешеси жоктугун айтат. Аны менен катар эле шаардын генпланына шайкеш келерин билдирет:

-- Биринчиден, Бишкек шаарынын генпланы боюнча көп кабаттуу үйлөрдү, коомдук борборлорду куруу каралган. Генпланга бул курулуш шайкеш келет. Бул жер карылар үйүнүн аймагына кирбейт. Карылар үйүнүн кампасы ошол аймакта болуп калганы боюнча айтсак, Советтер Союзунун учурунда курулуп калса керек.

Коомдук активист Эдил Байсалов бул жерге реабилитациялык борбор куруу пландалганын,шаардын генпланы боюнча да бул жерге социалдык объект курулушу керектигин айтып, борбор мэриясы кийин шаардын генпланын өзгөрткөн болушу мүмкүн деп шектенет:

-- 2012-жылы август айында мен Социалдык коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин Бишкек шаарындагы карыялар үйүнө бардым. Алар менен жолугуп, короосу менен таанышайын деп арт жагына өтсөм сонун бак бар экен, жери дагы кенен. Ушул жерди кеңейтип көп кабаттуу реаблитиациялык борбор салуу керек экен дедим. ДЦП, психо-неврологиялык оорулуу балдар, аутисттер үчүн курулса, медакадемиянын студенттери ошол борборго келип, практика кылса деп ойлогом. Бирок ошол жерде кыйгачынан бир курулуш түшүп турганын көрдүм. “Бул эмне?” деп сурасам, “Мечит курганы жатабыз” дешти. Ал кезде карылар үйүндө көбүнчө орустар болсо, мечитти кимге салып атасыңар деп мен таң калдым. Вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова болчу, ал дароо реакция жасады, “Мамлекеттик жерибиз кантип мечитке берилет? Башка нерселерге орун тартыш болуп атса. Прокуратура текшерсин муну” деп. Ал кездеги мэр Иса Өмүркулов дагы бизди колдоп, мечиттин курулушу токтотулган. Көп жетекчилер кийлигишип, мени тепкилеп жатып калышты. Андан көп өтпөй эле мени жумуштан алып салышты, ошого байланыштуу алды окшойт деп ойлоп калдым. Анткени, ал жөн мечит эмес болчу, биздин бийликтегилер менен туташып калган фонддор куруп жаткан мечит болмок экен. Андан кийин бул боюнча менин кабарым жок болуп калды”

Карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева бул жер бош эле тургандыктан алар мечит сала баштаганын айтат:

-- Жалпысынан 3 гектар жер бир короодо курчалган, бирок документи боюнча бизге 1,9 гектары гана тиешелүү. Калганы-- мэриянын жери. Бирок ошол жакта биздин кампалар бар болчу, бош турганынан 2011-жылы ошол жерге мечит салдыртсакпы деп ниет кылдык эле. Саид Баюми жетектеген Бүткүл дүйнөлүк араб жаштар фонду мечит салып бермей болуп, курула баштаган болчу. Бирок, соттун чечими менен ал бузулду. Андан кийин “Аю-курулуш” алды ал жерди, биздин кампаны өзүбүздүн территориябызга жаңыдан салып беришти.

Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакай Турдугуловдун маалыматына караганда, 2015-жылы жер тилкелерин ижарага берүү комиссиясынын чечими менен “Аю-курулуш” компаниясына жер тилкесин берүү боюнча Бишкек мэриясынын токтому чыккан. Токтомдун негизинде көп кабаттуу үйдү долбоорлоо жана куруу максатында 0,26 гектар жер берилген.

Ал жерди “Аю-курулуш” компаниясы кийинчерээк “Ромфорд Трейд” деген ишканага өз ара келишимдин негизинде өткөрүп берген. 2017-жылы ошол эле комиссиянын чечими менен “Ромфорд Трейд” компаниясына дагы 0,31 гектар жер кошумча участок берилген. Андан кийин бул компания 12 кабаттуу үй кура баштаган. Азыркыга чейин батирлерди сатып жатышат.

Мыйзамсыз деп токтотулган курулуш жүрүп жатат

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул үй курулуп жаткан жер мыйзамсыз берилген делип, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-пунктуна ылайык (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголуп, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат жана курулуш иши токтоп турат.

Бирок, курулуш токтобой эле жүрүп жатканына биз күбө болуп келдик. Курулушчулардын айтымында, азыр иш бир аз солгундап турганы менен апрель айында активдүү башталып, бир жылдын ичинде үй курулуп бүтөт деп турушат.


Ылайкаланган компания. Бороновдун уулу жана Максимдин “оң колу”

Үйдү “Ромфорд Трейд” деген ЖЧК салып жатат. Бул компаниянын кожоюндарын карап көрсөң, абдан кызыктуу жагдайлар бар.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уулу Эркинбек Бороновдун ошол кезде “Ромфорд Трейд” компаниясындагы өнөктөшү Бакиров Мухаметкабыл экөө “Аю-курулуштан” жер алып, бирок аны үй куруп жаткан компанияга өткөрүп берип салганын, азыр бул компанияга тиешеси жок экенин айтат.

Бороновдун уулунун өнөктөшү Бакиров Мухаметкабыл дагы карапайым адам эмес. Курманбек Бакиевдин учурунда Ош облусунун губернатору болуп турган Мамасадык Бакировдун бир тууган агасы.


Андан дагы кызыгы, бул компанияга кожоюндук кылып жаткан “Бенконс Азия” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Рифат Утюшев деген жарандын болгону. Рифат Утюшев Максим Бакиев негиздеген ЦАРИИнин каржы директору болуп жүргөнү белгилүү. Ал гана эмес, Минскиде Данияр Үсөнов – Даниил Урицкий жетектеген “Белорус улуттук биотехникалык корпорациясы” Жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган эле. Бул фактылар Рифат Утюшевди Максим Бакиевдин жакын адамы деп атоого негиз берет.


Демек, “Ромфорд Трейд” компаниясында КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Мухаметкабыл Бакиров жана Максим Бакиев өнөктөш деген бүтүмгө келсе болот. “Аю-курулуш” компаниясынын жетекчиси Акылбек Кунакунов “Биз жерибизди “Ромфорд Трейдге” саткан эмеспиз, бирге иштешүү боюнча келишимдин негизинде бергенбиз” деп билдирди. Анда булар менен “Аю-курулуш” дагы өнөктөш болуп калабы?

Жыйынтыктап айтканда

Азыр документтер боюнча кандай кылып жасап койгондо деле бул көп кабаттуу үй Карылар үйүнүн эски короосу менен бир короонун ичинде жайгашканы, аны дагы карапайым адамдар эмес, саясатта башы көрүнгөн адамдар алып жатканы шектенүүнү жаратпай койбойт.

Коомдук активистЭдиль Байсалов бул курулушту дагы деле социалдык объектиге айландырууга болот деген пикири менен бөлүштү.

-- Азыр деле кеч эмес. Курулуш аяктап калыптыр, бирок аны буздуртпасак дагы, ал имаратты мамлекетке алып, социалдык объект курулушубуз керек.

Дилбар Алимова

ИликтөөлөрКарылар үйүБороновАю-курулушмыйзамсыз курулушромфорд-трейдбенконс азиямаксим бакиеврифат утюшевжурналисттик иликтөөлөржурналистские расследования