​Энергетика компанияларынын активин инвентаризациялоо аяктады

  • 5 лет мурун

Энергетикалык сегиз компаниянын активдерин инвентаризациялоо процесси аяктады” деп билдирди вице-премьер Замир Аскаров “Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу» деп аталган конференцияда сөз сүйлөп.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Андан ары ал мамлекеттик компаниялардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай иштер жасалганына токтолду.

“Ишмердүүлүктүн натыйжалуулугунун KPI негизги көрсөткүчтөрү киргизилди. Мындан тышкары мамлекеттик компания жетекчилеринин жоопкерчилигин жана аларды ишинин жыйынтыктарына байланыштуу сыйлоону кайра кароо башталды. Мен күчтүү жана натыйжалуу менеджмент мамлекеттик компанияларга экономиканын локомотиви болууга шарт түзөт деп ишенем», – деди вице-премьер.

Сүрөтү: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты