Орусияга чакан ГЭС куруу сунушталат

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев бүгүн өткөн басма сөз конференцияда Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарында кызматташтыктын кандай багыттары талкууланарын билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында VIII аймактар аралык конференцияда соода-экономикалык маселелер талкууланат.

«Россия Кыргызстандын соода-экономикалык негизги өнөктөшү болуп саналат. Бир жылда товар жүгүртүү 4 пайызга өстү. 2018-жылы түз инвестиция 123 миллион долларга жетти. Көрсөткүчтөр бир жыл ичинде 25 пайызга жогорулады” деп белгиледи Иманалиев.

Тегерек столдо өнөр жай кооперациясы, биргелешкен ишкана түзүү, чакан ГЭС куруу ж.б. маселелер талкууланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты