​Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты

  • 5 лет мурун

Бишкекте бүгүн, 26-марттагы, «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйындын катышуучулары экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Эмилбек Каптагаев айтылгандардан улам, жыйындагы талаптарды санап өттү:

«Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз.

1. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылабыз.

2. Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин биринчи пунктуна ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ» деди ал.

Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамды 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты