​Экс-президент Атамбаевдин ишине баа берчү комиссия түзүлөт

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине баа берүү боюнча коомдук комиссия түзүлө турганын укук коргоочу Турсунбек Акун журналисттерге билдирди.

Коомдук комиссия Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү бардык чечимдерге баа бермекчи.

“Иликтөөнүн жыйынтыгы жана ага берилген баа укук коргоо органдарына берилет. Мамлекеттин мурдагы башчысы туура эмес иштерине жооп бериши керек. Анын ичинде бийликке жеке басар болгону, аймактар аралык араздашууга жем таштаганы, саясий куугунтук жана коррупциялык фактылар бар” деди Турсунбек Акун Бишкекте бүгүн, 26-мартта, өтүп жаткан “Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери” аттуу курултайда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты