Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кандай жүрүүдө?

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолун куруунун 4-фазасынын жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Аны менен бирге Сокулук жана Ак-Суу суулары аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушу менен таанышып, Жайыл районунун Полтавка жана Новониколаевка айылдарында курулуп жаткан тилкелерди, ошондой эле жер өтмөктөрүнүн курулушун көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы долбоордук тилкеге эки кат асфальт бетон төшөлүп, көпүрөлөр, чакан жасалма курулуш, аялдама жана тротуарлар оңдолот. Мындан тышкары алты жаңы жер өтмөгү курулуп, төрт өтмөк оңдолот.

Бороновдун айтымында, жергиликтүү калктын түшүнбөөчүлүгү айрым учурларда курулуш иштеринин графиктен артта калуусу алып келүүдө.

Бишкек-Ош жолунун бөлүгү болуп саналган Бишкек-Кара-Балта жолу өлкөнүн транспорттук каттамдарында стратегиялык мүнөзгө ээ.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты