​Путиндин сапарына даярдык кандай?

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулады.

Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык көрүү жана тышкы саясаттагы пландар жана милдеттер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Путиндин мамлекеттик сапарына даярдыктын жүрүшү жана өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты