​Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтө элек

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө элек.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө аяктагандан кийин жыйынтыгы коомчулукка кабарланат.

Финполиция Райымбек Матраимовдун мүлкүн январда текшере баштаган.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Юристтер ошол эле кезде бул чечим аткарылууга тийиш экенин, Матраимов факт жүзүндө ишке бара ала тургандыгын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты