​Бутун сындырып алган жаачы Асланайым Аширова Эр-Рияддан кайтып келди

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын жаа атуучусу эл аралык фестиваль алдында бутун сындырып алган Асланайым (Светлана) Аширова 24-мартта Кыргызстанга кайтып келгенин фейсбук баракчасында жазды.

Асланайым Аширова фестиваль болор алдындагы машыгууда аттан жыгылып, ооруканадан операция болуп чыккан.

Аттан кулап. бутун сындырып алганы менен ат үстүндө катуу бара жатып, селфи кылган башка кызды сактап калганы айтылган.
Эске сала кетсек, Сауд Арабиясында 9-24-мартта эл аралык этнофестиваль өтүп, ага Кыргызстандан миңге жакын өнөрпоз катышкан.

Сүрөт: Ашированын фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты