​Эр-Риядда этнофестиваль аяктады

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш аземине катышты.

Фестивалдын жабылыш салтанатында театралдаштырылган оюндар жана концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Сауд Аравиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд, Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд, Дубай эмиратынын башкаруучу династиясынын мүчөсү Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу меймандар катышты.

Өкмөт башчы ошондой эле «Camel Fest» алкагындагы «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына катышкан Кыргызстандан барган чыгармачыл жамаат жана спорт өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты.

«Сауд Аравия падышасы иш-чараны уюштурууга кошкон кыргыз элинин салымын канааттануу менен белгиледи. Мен өз кезегимде биздин каада-салт жана үрп-адаттарды көрсөткөнүңүздөр үчүн силерге ыраазычылык билдиргим келет. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин артисттер өнөрлөрүн тартуулаганда суктанып турушту. Биздин элдердин маданиятынын кандайдыр бир окшоштугу бар, биз көчмөн маданиятынын нукура баалуулуктарын эң жогорку деңгээлде көрсөтө алдык», – деп баса белгиди ал.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маалыматтык кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты