​Вице-премьер Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси барбы?

  • 5 лет мурун

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалымат жалган, чагымчыл мүнөздө экендигин билдирет.

Бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министрлик ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган.

Жеңиш Разаков ички иштер органдарында бардык баскычтарды басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген.

Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес.

Муну менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты