​Өзбекстан: Муфтийдин орун басары камакка алынганы кабарланууда

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дильшод Хашимов экономикалык кылмыштарга айыпталып камакка алынды.

Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү булактар билдиришкени кабарланды.

Маалыматка караганда, ал Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фондунун «акчасын уурдаган» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталууда.

«Вакф» фонду президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен былтыр апрелде ачылган. Андан соң мамлекет тарабынан мечиттерди куруу, оңдоо жана реконструкциялоо иштери үчүн фондго ири өлчөмдө акча бөлүнгөн.

Марттын башында өлкөнүн Маданият министрлиги «Вакф» фондунун балансына өткөрүлгөн тарыхый эстеликтер талоонго алынып, начар абалга кептелгенин билдирген.

Маалыматтарга караганда, учурда укук коргоо органдары аталган фонддун карамагына өткөн кыймылсыз мүлктөргө жана каражаттарга байланышкан коррупциялык схемаларды текшерип жатат.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматында иштеген Дильшод Хашимов Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматына былтыр августта дайындалган. 2015-жылы маркум президент Ислам Каримовдун жарлыгы менен ал Жасорат (Эрдик үчүн) медалы менен сыйланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты