​Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга китеп окууга шарт түзүү

  • 5 лет мурун

Эртең, 26-мартта, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргызстандын китепкана-маалымат консорциуму менен бирдикте “Илим, адабият жана искусство чыгармаларына мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды тартуу” аттуу тегерек стол өткөрөт.

Анын максаты—мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды окуу, илимий, адабият жана искусство басылмалары менен камсыздоо маселесин талкуулоо.

Тегерек столго китепканачылар, мүмкүнчүлүгү чектелүү, жакшы көрбөгөн жана азиздер менен иштешүүчү уюмдар, басмакана кызматкерлери, юристтер ж.б. катышат.

Тегерек стол 26-мартта саат 9. 30 дан 12.00 чейнн мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада (Эркиндик бульвары, 58 “А”) дарегинде өтөт.

Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты