​Сот аткаруучулар пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сот аткаруучу бөлүмүнүн кызматкерлери Д.С. жана Ч.М. ны 25 миң сом алып жаткан учурунда кармады.

Алимент боюнча 67 миң сом карызы бар тургундан Кыргызстандын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн сот аткаруучулар 30 миң сом талап кылган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты