​Мухаммедкалый Абылгазиев Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы квызматташтык ж.б. маселелер талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев эки жактуу өз ара аракеттешүүнүн маанилүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, өлкөлөр экономикалык кызматташтык дараметин толук кандуу пайдаланбай келишет.

Өз кезегинде Сауд Арабия падышасы белгилегендей, өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди мындай ары өнүктүрүү маанилүү болуп саналат. Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты