​Эмилбек Каптагаев Бишкекти Манас деп атоону сунуштады

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Каптагаевдин пикиринде борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Өз билдирүүсүндө ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду.

20-мартта казак парламенти өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына Казакстандын борбору Астананы Нур-Султан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты