Тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

  • 5 лет мурун

Cооронбай Жээнбеков «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбосо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүнүн тартибин тактоо.

Аталган жарандарга карата алардын жасаган кылмышынын оордугуна же жасаган жосуну үчүн санкциянын категориясынын түрүнө жараша Кыргызстанга кирүү укугунан ажыратуу мөөнөттөрү аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жана чыгымдарды каржылоо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты