​Тоноочулукка шектелип кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлери тоноочулакка шектелген жаранды кармады.

Ушул жылдын март айында Биринчи май райондук ИИБине Бишкек щаарынын автобекетинде киши тонолгону тууралуу кабар келип түшкөн.

Анда А.Н. аттуу жаранды белгисиз үч бала коркутуп, 8 миң сомдук чөнтөк телефон жана 38 миң сомду тартып алганы аныкталган.

Бул кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси, тоноочулук боюнча шектелген.

Криминалдык милиция кылмышка шектүү Бишкектин Биринчи май районунун тургуну 1998-жылы туулган Р. у О. Н. у кармаган.

Кармалган бала кылмышка дагы экөө катышканы тууралуу көрсөтмө берген. Калгандар изделип жатат.

Биринчи май ИИБ сүрөттөгү жарандан запкы көрүп, тонолгон болсо, төмөнкү тел. боюнча: 0556 102 172, 0554 102 117, 0705 567 674, 0700 37 20 30 билдирип коюуну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты