​Бабырбек Жээнбеков дүйнөдөн кайтты

  • 5 лет мурун

Монополияга каршы агенттиктин мурдагы жетекчиси, юрист жана журналист Бабырбек Жээнбеков катуу дарт менен алпурушуп жүрүп 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Бабырбек Жээнбеков 2013-жылы Монополияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеген.

Ага чейин юридикалык компанияны негиздеген жана аны ийгиликтүү иштеткен.

Бабырбек Жээнбеков 2010-жылдагы Апрель ревюлюциясына чон салым кошуп, “Алиби” гезитин негиздеп, анын башкы редактору, андан соң “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттери аркылуу бийликтин терс көрүнүштөрүнө, коррупцияга каршы аёосуз күрөшүп келген.

«ПолитКлиника» гезитинин редакция жамааты Бабырбек Жээнбековдун үй-бүлөсүнө, уулу Равшан Жээнбековго көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты