Сооронбай Жээнбеков: “Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз — жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.

Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.
Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.

Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз.

Бүгүн ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат.
Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат.
Кадырман калайык-журтум!
Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин.
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун” деп айтвлат Президенттин куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты