​Баткен облусундагы абал талкууланды

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Баткен облусундагы чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, анын орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышты.
Баткен облусундагы абал, мындай окуяларды болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Жеңиш Разаковдун айтымында, тажик тарап менен Баткен облусунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча беш күндүк сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
«Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү. Биз укук коргоо, прокуратура, жергиликтүү бийлик органдарына, коңшу областтардын губернаторлоруна окуяларды иликтөө жана эки өлкөнүн жарандары жашаган көчөлөрдү патрулдоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү милдетин койдук.

Мындан тышкары коңшулаш областтардын жетекчилери башында турган туруктуу комиссия иштеп, ал талаштуу жагдайларды талдап, пайда болгон чыр-чатактарды жеринде жөнгө салуу үчүн ыкчам чара көрүшөт», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал эске салгандай, адамдардын тоскоолсуз ары-бери өтүүсү үчүн ар кандай чек ара постторун алып таштоо тууралуу келишимге жетишилгенин эске салды.

Ак-Сай айылына алып баруучу айланма жолдун курулушу аягына чыгарылат. Ал ортодогу жалпы жол болот жана андан Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары пайдалана алат.

Ошондой эле Баткен районуна караштуу үч айылдын малын айдап өтүү үчүн Ак-Сай- Тамдык жолун куруу макулдашылды.
«Исфара-Ворух жолу тажик тарапка өтүп кетти деген сөздөр чыгууда. Бул жергиликтүү шартты билбеген, маалыматы жок, андагы кырдаалдан кабарсыз адамдардын пикири.

Бул жерде кандайдыр бир коридор жана жолдун макамы тууралуу эч кандай сөз жок, бул Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары жалпы пайдалана турган жол болот. Бул чечим жергиликтүү калк менен талкууланды жана алар буга макул болушту», — деп жыйынтыктады Жениш Разаков.
Президент чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын- ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.
Мамлекет башчы чек ара боюндагы аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын өз убагында чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты