​Сооронбай Жээнбеков: “Нурсултан Назарбаев—улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу 19-мартта сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.

Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи.

Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты