​Сот финполдун “Супер инфо” гезитин текшерүү токтомун жокко чыгарды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансылык полиция) “Супер инфо” гезит редакциясын салык текшерүүсүнө алуу токтомун жокко чыгарды.

Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова райондук соттун чечими тууралуу мындайча билдирди:

“Гезит жетекчилиги аталган негизсиз токтом жокко чыгарылсын деп Биринчи май райондук сотуна кайрылганда сот биздин арызды канааттандырды”.

Айта кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ЖМКны колдоо борборунун маалыматы менен гезиттин нускасы тууралуу маалыматы дал келбейт деп гезит редакциясынын салык төлөмдөрүн текшерүүгө алууну жана документтерди 20-мартка чейин камдап коюуну талап кылган.

ЖМКны колдоо борборунун жетекчиси Алмаз Курманкалиев басма сөз жыйынында арызда көрсөтүлгөн маалыматтар эски экенин тастыктаган.

Гезит ээи Кылычбек Султан бул гезитти тартып алуу аракети деп билдирген.

Ал ортодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бийликтен “Супер инфо” гезитин кысымга алууну токтотууну талап кылган билдирүү тараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты