​Саха Республикасында мигранттарга чектөө коюу талабы айтылууда

  • 5 лет мурун

Якутск шаарынын тургундары дүйшөмбү күнү «борбор азиялык мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктады» деген окуядан кийин жыйынга чогулушту.

Акцияга үч миңден ашуун киши катышты, алардын арасында Якутия башчысы Айсен Николаев, Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева ж.б. чиновниктер бар.

Николаев чогулгандарды биригүүгө жана сотсуз жазалоо иштерин жүргүзбөөгө үндөдү. Ал мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен күрөшүүнү убада кылды.

“Эгер зарыл болсо, эмгек мигранттарына карата чектөө жана тыюу салуу чараларын колдонобуз”, – деди Николаев.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. 23 жаштагы шектүү адам «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган».

Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Митингден кийин укук коргоо органдары Якутск шаарындагы мечитти кайтарууга алышты. Автобус айдаган мигрантка жети киши кол салды.

Полиция зордуктоого шектелген кишини кармады. Ал күнөөсүн мойнуна алды. Кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам да кармалды.

18-мартта Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева такси кызматтары, коомдук тамактануу жайлары жана соода түйүндөрү пландан тышкары текшерилерин жарыялады. Мэр жакынкы чет өлкөдөн келген жарандардын документтерин текшерүүнү тапшырды.

Якутияда КР Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С. Токтоболотов Саха Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасы Ф. Борисов жана Тышкы байланыштар министри Г. Кириллин менен жолугуп, маселени талкуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты