​Ташиев Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протокол ачыкталышы керек экенин билдирди

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протокол ачыкталышы керек экенин басма сөз жыйынында билдирди.

Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү калк менен жолугушуп келгенден кийин кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ойлорун ортого салды.

Кыргызстандын коомчулугу Тажикстан менен чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу протоколу кандай шартта кол коюлганы тууралуу билбей турганын айтты.

“Протоколдор сыр болбошу керек. Мындай документтер жабык болгон үчүн ушундай жаңжалдар чыгып жатат. Тажик тарапка тымызын өтүп кеткен жерлер бар. Мурда кыргыз тарап ээн-эркин өтүп жүргөн жерлерде азыр тажик жарандары жыш үй салып алган», — деди басма сөз жыйынында.

“Биз Кыргызстан тараптан кандай протоколго кол коюлганын, кандай шартта кол коюлганын билбейбиз” деди Ташиев.

Ал эми тажик тарап кыргыз айылын айланып өтүп жол салынат деп жатканын кошумчалады.

“Тажик тарап Ак-Сайды айланып өтүп, Ворухка карай жол салынат деп жатат. Бул жолдун статусу тууралуу биз эч нерсе билбейбиз” деди.

Ак-Сай-Тамдык жолун курууга уруксат берилди деп айтып жатат кыргыз бийлиги, ал жолго уруксаттын кереги жок болчу деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты