​Путиндин Кыргызстанга пландалган сапары: Кандай “белек” камдалууда?

Март айынын аяк жагында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Мындай сапарлар болордон мурда түзүлө турган келишимдер алдын-ала макулдашылып даярдалат.

Дал ушул максатта жакында эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келип кеткен.

Лавров келгенден кийин Кыргызстан тарап “Кыргыз темиржолун”, анан Кыргызстандагы кендердин баарынын чалгындоо иштерин Орусияга берет экен” деген маалыматтар чыкты. Алардын арасында Кыргызстандын түштүгүнө дагы бир Орус базасын алып кирүү маселеси дагы бар экенин айткандар кезигет.

Бул гана эмес, 8-марттагы жүрүштү шылтоо кылып УКМКнын төрагасынын орун басары Орозбек Опумбаев парламентке “Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды” карап көрүү сунушун айтып чыкты. “Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бизге эң керектүү болуп турат. Каржылоо эмнеге келип жатканын көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес болуп жатат. Эгер бул мыйзам бизде болсо, андабулардын артында кайсы уюмдар турат, ага кантип каршы турарыбызды билмекпиз” дейт Опумбаев.

Бул мыйзамды парламентте сунуштоо менен УКМК муну да Путинге белек кылууга ашыккандай түр көрсөттү.

Орусияда “сонун” иштеп жаткан мыйзам

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев 8-март күнү аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүшкө “Чай куюу менин милдетим эмес” деген сыяктуу чагымчыл лозунгдарды атайын кошушканбы деп шекшинет.

“Анткени, бул жаш баланын феминизминдей болуп көрүнүп, бейөкмөт уюмдарга элдин ишенимин кетирүү үчүн атайын жасалгандай көрүндү мага. Ага удаа эле “Бейөкмөт уюмдар тууралуу” мыйзамды сунуштап атышат” дейт саясат таануучу.

Укук коргоочу Рита Карасартова да бул мыйзамды Орусияга жагалдануу үчүн атайын сунуштап жатат деген пикирин айтууда.

“Негизи аталган мыйзам дайыма шайлоонун алдында сунушталат. Парламенттик шайлоого аз калды. “Бакиевдердин Кыргызстандан уурдаган акчасын АКШ кайтарып берет” деп АКШ менен жылуу мамиле болуп кетти. Эми Путиндин келээрине аз калганда, “мына, силердин деле саясатыңарды жүргүзүп жатабыз” деш үчүн бул мыйзамды сунуштап жатат. Болбосо Орусияда ушундай сонун мыйзам бар деп айтпайт эле да” дейт Карасартова.

Чек ара чыры да капысынан чыккан жок

Сейтек Качкынбаев Путин келердин алдында кыргыз-тажик чек арасында чатактын чыкканы да капысынан эмес деген пикирин билдирди.

“Кыргыз Темир жолу сатылат, Түштүктө дагы бир аскер базасы ачылат окшойт” деген сөздөр коомдо айтылып жатпайбы. Ошого байланыштуу, “Баткендеги азыр болуп жаткан окуялар атайын уюштурулган окшойт” деген пикирлер дагы айтыла баштады. “Биз болсок мындай окуялар болбойт эле, ушундай жагдайларда жардам бермекпиз” деп айтканга шылтоо болуп берчүдөй. “Чагымчылдык кылып, эки тарап катуураак өчөшүп, керек болсо согуш чыгып кетсе, буларга аскер базасын ачууга жакшы шылтоо болот” деген пикирлер дагы бар” дейт Качкынбаев.

«Кыргыз темиржолу” Орусияга берилсе, соода-сатыкка залакасы тийиши мүмкүн

Саясат тануучу Кубатбек Султанов “Кыргыз темиржолу” Орусияга берилсе, бул тармак өнүкмөк деп эсептейт.

“Буга чейин “Кыргыз газы” бир долларга сатылбады беле, ошондон кийин жакшы жакка өнүгүп кетти. “Кыргыз темиржолу” дагы ошондой эле Россиянын ишкерлерине өткөрүлүп берилсе, өнүгүп кетмек. Мисалы вагондордун сапатын алып караганда, Россия жана Казакстанга салыштырганда бир топ артта калган да биздики. Кендер деле ошондой. Анын эч кандай жаман жагы жок деп ойлойм. Баарын эле Кытайга берген дагы туура эмес да. Башка өлкөлөр дагы кириши керек» дейт Султанов.

Ал эми “Сереп” изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу кандай гана кызматташтык болбосун, Кыргызстандын кызыкчылыгынын негизинде ишке ашуусу зарыл дейт.

“Биздин эң чоң баалуулугубуз—эгемендүүлүк. Эч бир өлкөнүн бизге болгон жардамы, стратегиялык мамилеси эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирүүгө акысы жок. “Кыргыз темиржолу” же башка мекемелер өткөрүлүп берилиши туура эмес. Мисалы Кытай аркылуу өткөн жолдор бар. Россия ачык эле ага каршы экенин айтып жатат. Башка өлкөлөр менен соода байланышыбызга чоң залакасын тийгизет.

Кээ бир өлкөлөрдө, заманбап капитализмде, стратегиялык кен байлык болсун, ГЭСтер болсун, аба жолдору болсун бериле берет, бирок, кандай болгон күндө дагы такыр эле тапшырып салуу туура эмес. Алардын менчигине берилбей, белгилүү бир иштерден кийин кайра кайтаруунун жолдору, мыйзамдары бар. Ал ачык-айкын жарышта белгилүү болушу керек. Анан жакшы шарттар менен, дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр менен башка атаандаштар дагы чыгып калышы мүмкүн”, -деген пикирде саясат таануучу Ормон уулу.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты