​Алтынай Өмүрбекова БУУда аялдардын абалы боюнча баяндама жасады

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нью-Йорк шаарында БУУ Штаб-квартирасында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясында баяндама жасады

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө социалдык коргоого жана анын саясат менен байланышына адам укугу жана гендердик теңчиликке негизделген көп тармактуу мамиле иштелип чыгышы абзел.

Билим берүүгө, репродуктивдик ден-соолук жаатындагы тейлөө көрсөтүүгө, кайра окутууга, кесипкөйлүктү өнүктүрүүгө, эмгекке, ишкерликти колдоого алууга, кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө басым жасалышы абзел.

Айта кетсек, БУУ Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясында БУУга мүчө-өлкөлөрдүн делегаттары, эл аралык уюмдардын, Уюмдун аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн эксперттери, укук коргоо жана чет элдик жарандык коом өкүлдөрү катышууда.

Аялдардын абалы боюнча комиссиясы БУУ Экономикалык жана социалдык кеңешинин функционалдык органы болуп саналат. Ал аялдардын укугун коргоо жана аны алга жылдыруу боюнча эл аралык стандарттарды ишке ашыруунун обзору, аларды аткаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты