​Якутияда кылмышка шектүү кыргызстандык кармалды

  • 5 лет мурун

Саха Республикасынын Якутск шаарындагы зордуктоо боюнча окуя андагы коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Кылмышка шектүү катары кыргызстандык жаран шектелип кармалды.

КР ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн окуя боюнча билдирүүсүндө айтылгандай, 17-мартта Якутск шаарынын тургуну аны зордукчулар балдар аянтынан кармап кеткенин билдирип, укук коргоо органдарына кайрылган.

Тергөө комитети зордуктоо жана киши уурдоо боюнча кылмыш ишин козгогон.

Шектүү кыргызстандык жаран менен кошо дагы эки жаран болгону аныкталган.

Окуя болгон күнү шаардын тургундары митингге чыгышкан.

КР ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын алдын-алуу иш-чараларын өткөрүп жатат.

Түзүлгөн кырдаалдан улам КР Миграция кызматынын жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрү Якутияга жөнөп кетишти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты