​Төрөбаев: «Кыргыз-тажик чек арасында соңку 6 жылда 10 жаңжал болду»

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын коӊшу өлкөлөр менен чектешкен жерлериндеги, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаш участкаларды делимитациялоо жана демаркациялоо жаатындагы жумуштар кечеӊдеп жатат. Тийиштүү чаралар өз деӊгээлинде жасалган жок.

Өкмөт жана өкмөттөр аралык комиссиялар бул багытта көрүлө турган чараларды тездетиши керек.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев 15-мартта фракция жыйынында билдирди.

«Соңку 6 жыл аралыгында эле кыргыз-тажик чек арасында курал-жарак колдонулган 10 жаӊжалдуу окуя болду.

Мындай кырдаалга өз маалында маани берилип, чек ара аймактарындагы талаш-тартыштар дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш”,- деди фракция башчысы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты