​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Ага карата Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери менен депутаттар ишембиликке чыгып, Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварын тазалап, көчөттөр отургузулду.

Кызыгы, бир күн мурда мэрия таштандыларды тазалап, чуңкурларды казып даярдап кетти. Бүгүн болсо депутаттар даяр чуңкурларга көчөттөрдү сайып, сүрөткө түшүп алып жөнөп кетишти.


​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Депутаттар даяр чуңкурларга көчөттөрдү сайып, сүрөткө түшүп алып жөнөп кетишти.

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембиликАлтынбек Сулайманов отургузган көчөтүнө ыраазы көрүнөт

Улугбек Ормонов боюнан бийик бак отургузду…

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Махабат Мавлянованын көчөт тигип атканы

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков иш үстүндө…

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ишембилик эртең мененки саат 09:30га пландалган.

Жогорку Кеңештин аппаратынын ж.б. кызматкерлери саат 09:00гө келип, тазалоо иштерин башташты. Депутаттар саат 10го жакын келишти.

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов көчөт олтургузуу үчүн алдын- ала чуңкурлар казылбаганын, депутаттар саат 10го чакырылганын айтты:

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

“Бүгүнкү ишембиликке Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп, депутаттар жана аппараттын кызматкерлеринин баары чыкты. Чүй проспектисинен баштап, Темир жол бекетине чейин Эркиндик бульварында ишембилик жүргүзүлөт.

Республикалык деңгээлде өтүп жаткан ишембиликке өзүбүздүн салымыбызды кошолу деген ниетте чыгып жатабыз. Депутаттар келе башташты, биз аларга 10го дегенбиз. Ар бир фракцияга участоктор бөлүнүп берилди.

Уюштуруу бөлүмү участокторду шаардын тиешелүү кызматтары менен келип, көрүп кеткен. Керектүү жабдууларды алып келдик. Көчөт олтургузуу үчүн чуңкурлар алдын- ала казылган жок. Болгону мэриянын кызматы атайын казыктарды кагып кетишкен. Ошол жерлерди казып, көчөттөрдү отургузуп жатабыз”, — деп билдирди Шаболотов.

Ал эми уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Алишер Жапаровдун айтымында да чуңкурлар алдын- ала казылган эмес:

“Ишембиликке ЖКдан 400дөй киши чыгышы керек. Депутаттар, консультанттар, фракциялардын катчылыктары жана аппарат кызматкерлери.

Депутаттар Чүй проспектисинен баштап, консультанттары, катчылары менен тазалап жүрүшөт. Жабдууларды мэрия менен чогуу даярдадык. Чуңкурлар алдын- ала казылган жок, бардыгын өзүбүз казып жатабыз”, — деди Алишер Жапаров.

Бирок, кабарчыбыз эртен менен саат 08:00гө барганда, көчөттөр үчүн атайын казылган чуңкурларга күбө болгон. Аны төмөндөгү сүрөттөрдөн байкасаңыздар болот.

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Алдын ала казылган чуңкурлар.

Ишембилик башталгандан бир сааттан кийин келген депутаттар “Фотосессия үчүн эле ишембликке келгенби” деген пикирлерди жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков көчөттөрдүн ордун казып жатышканын билдирди:

“Мен бүгүнкү майрам менен, ишембилик менен шаардыктарды куттуктап өткүм келет. Өзүңүздөр билесиздер, акыркы жылдары шаарыбыз өсүп жатат, үйлөр, имараттар салынып, бак-дарактар кыйылууда.

Бизде ушундай мүмкүнчүлүк пайда болду, мурун кыйылган, кесилип кеткен бактардын ордуна жаңы дарак, эмен бактарын отургузуп жатабыз. Буйруса, шаар боюнча жакшы ишембилик болуп жатат.

Дастан Артисбекович менен көчөт ордун казып,бак отургузуп жатабыз. Мен ойлойм, дагы 15 – 20ны отургузабыз”, — деген пикирин билдирди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков мамлекеттин көркүн ачкан ишембилик болооруна ишенээрин билдирди:

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

“Кыргыз Республикасы боюнча,Өкмөттүн токтомунун негизинде ишембилик жүргүзүлүп жатат. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, биз үчүн тазалык маанилүү.

Ошого байланыштуу бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалар Бишкек шаарында, чоң шаарларда, райондордо ишембилик өткөрүп жатышат. Мамлекеттин көркүн чыгарган ишембилик болот го деген ойдомун.

Өзгөчө, бүгүн отургузган көчөттөрүбүз, өсүп—жетилип, биздин кийинки муундар айта турган “Жашыл Кыргызстан” болот деп ишенем. Бүгүнкү иш чарага катышкан Жогорку Кеңештин бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирем”, — деди төрага.

Аталган ишембиликтен тартылып алынан сүрөттөрдүн топтому.

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Депутаттар келгенге чейин, кызматкерлер активдүү иштеп жатышкан кези…

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Аппарат кызматкерлери, жашы-карысы дебей ишембиликке келишти…

​Депутаттарга даярдалган чуңкурлар. Фотосессия үчүн ишембилик

Сүрөткө түшкөнгө жетишишти…

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты